«Жомок- тил өнүктүрүү үчүн эң керектүү каражаттардын бири» аталыштагы район жана шаар аралык мектепке чейинки билим берүү уюмундагы тарбиячыларына семинар
Бүгүн 26-апрель 2023- жылы Чүй айылындагы «Бакыт» МЧББУда «Жомок- тил өнүктүрүү үчүн эң керектүү каражаттардын бири» аталыштагы район жана шаар аралык мектепке чейинки билим берүү уюмундагы тарбиячыларына семинар болуп өттү. Бул семинарга ЧТББнун профсоюз кеңешинин төрагасы Наматов С.Ж. ,ЧТББнын жетектөөчү адиси Шаршеева Д.О. жана мектепке чейинки билим берүү усулдугунун методисти Дүйшеева А.К. катышты. Семинардын алкагында «Бакыт» МЧББУнун тарбиячысы Туншанло Ф.А. «Жомоктор дүйнөсүнө саякат»аттуу ачык сабак өттү. Тарбиячылар үчүн экскурсияны кыргыз тил мугалими Өмүрбекова Б. Ө. жүргүздү. Логопед Казиева Ж.Т. «Жомок — тил өнүктүрүү каражаты» аталыштагы доклад окуду. Джокаева Г.С. кенже тайпасынын тарбиячысы, келген конокторго, мугалимдерге практикум өткөрдү. Мугалимдер менен топ- топтор болуп , кызыктуу иш- алып барышты, тарбиячылар презентация жазашты. Семинардын жыйынтыгында жогорку баа берилди.
Комментарии