Мамлекеттик тил куну
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү Мындан туура 33- жыл мурун тактап айтканда, 1989-жылы 23- сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө»мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген». Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Бүгүн 22- сентябрда Чүй » Бакыт» бала бакчасында кыргыз тил күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.
Кыргыз тили унутулбай өркүндөп өссүн деп биздин бала бакча ачылган күндөн тартып балдарыбызга кыргыз тилин үйрөтөбүз. Кыргыз тил сабагынан балдарыбыз мекенибиз Кыргызстан тууралуу көп кызыктуу нерселерди билип үйрөнө алышат. Ошондой эле кыргызымдын каада салттын, улуттук кийим кечелерин , оюдарды, музыкалык аспаптар тууралуу биле алышат.
23-сентябрь кыргыз тил күнүнө карата Чүй а. «Бакыт» бала бакчасы бакчада тарбияланган уул, кыздар жана бакчада иштеген кызматкерлер менен биргеликте иш чара өткөрүлдү. Иш чарада кыргыз тили жөнүндө ыр саптар аткарылды, бийлер бийлетилди, улуттук оюндар ойнотулду. Биз бала бакчадагы тарбиялануучуларга бала кезден кыргыз тилин сыйлап, сүйүүгө үйрөтүп жатабыз
Комментарии